Ооган- Талаа: Студенттик кезинен эле ыр жаза баштаган 70 жаштагы мугалим

Кырк жылдан ашык мектепте мугалим болуп иштеп келе жаткан Болотбек Тиркешов агай ырларды жаратууга студенттик кезинен кирише баштаган.Ушул убакка чейин көп, ар түрдүү темадагы ыр саптарды жаратып келет.Өзү сүйүп дайыма кайталап жүргөн ыры нооруз майрамы жөнүндөгү ыр. 

«Эң алгачкы ыр саптарымды институтту бүткөндө  курсташтарыма арнап «Курсташтарыма», — деген ырды жаратканмын.                                                    Мени өзү көбүнчө кызыктырган темалар:Ата-Журт, эне жана өзүмдүн сүйүктүү мектебим жөнүндөгү ырлар».

image

«Ырларды жаратууда кыйынчылыктарга дуушар болом.Ыр жазуу оңой сезилгени менен бул ырдын ритми, рифмасы, мазмуну айтайын деген ой менен айкаш келиши керек. Жакпаган жерлерин оңдоп, өзүң жактырганда гана ыр акырына жетет».

image

«Мен акындардын ырларын сүйүп,  кызыгып окучумун. Мен да ушундай ыр саптарды жаратсам деп кыялданчумун. Ошентип аста-аста ыр жазууга кирише баштадым».

image

«Өзүм жараткан бардык ырларым өзүмө жагат. Ошолордун ичинде Ооган-Талаага арнаган ырым да бар. Ал эми өзүм сүйүп, дайыма кайталап жүргөн ырым ноорузга арнаган ырым».

«Нооруз» :Теңелип күн менен түн,      Бак дарак байлап бүчүр. Кубулжуп не бир сонун, Жаңырды татына үн. Ыр болуп ага берсин, Калкыма деген сүйүүм. — Бул ырымды жаркырап жаз келгенде, кубанычым койнума батпай турган кезде жаратканмын»

Автору: Эркинбекова Айсулуу

Ооган-Талаа: Жаңгактын пайдалуу жактары.

Дүкөнчүүлөрдүн айтымында быйыл жаңгак көп болгонуна байланыштуу, жаңгактан өткөн жылга салыштырмалуу көп пайда табылууда. «Эгерде жаңгактан маңыз чыгарса мындан да көп пайда тапмакпыз»-дейт дүкөнчү.

image

Айыл тургуну Бердибеков Кеңештин айтымында быйыл жаңгактан көп пайда табышкан.

«Быйыл дүкөн ачып, жаңгак сатып ала баштадым. Дүкөндөн түшкөн акчага караганда, жаңгактан маңыз чыгарып абдан көп акча таптым. Жаңгактын килограммын алтымыш сомдон алып, маңызын үч жүз сомдон саттым»-деп түшүндүрдү Бердибеков.

image

Абдирешова Бактыкан Ооган-Талаа айылындагы төрөт үйүндө врач болуп иштейт. Ал айым жаңгактын пайдалуу жактары жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып өттү.

«Жаңгактын маңызы,кабыгы жана ички чел кабыгы адам баласы үчүн абдан пайдалуу. Маңызынан май, кабыгын кургатып кышында отун кылса болот. Ал эми ички чел кабыгын кайнатып даары кылып ичишет»-дейт врач айым.

image

image

Автор: Чолпон Биймурзаева

Ооган-Талаа: Бокол көчөсүндө суу жок болгондуктан адамдар кыйналууда.

Бул көчөдө суу чыкпагандыктан жашоочулар ар кайсы алыс жерлерден суу алып келүүдө.Айыл тургуну Нурлан Турсунбаев   айтымында 2014-жылдын май айларында суу  чыгышы күтүлүүдө экендигин маалымдады.

Бул көчөнүн жашоочусу Аксал Жалилбеков
6-7-жылдан бери суу жоктугун айтып өттү.

«Көчөбуздө 6-7-жылдан бери суу жок.Суу чыкпагандыктан коңшу көчөлөрдөн сууну ташып жатабыз»,-дейт Аксал.
           

Бул айылдын дагы бир тургуну Жумакан Жумалиева жаш баласын кошунасынын үйүнө таштап кетерин айтты.

«Чоң балдарым мектепке кеткенде жаш баламды кошунамдын үйүнө, жада калса өзун жалгыз үйгө таштап кетүүгө мажбур болом.Өзүбүздүн көчөгө суу чыкса жакшы болмок»,-деп айтты  Жумалиева.

Айылдын тургуну Нурлан Турсунбаев 2014-жылы суу чыгышы мүмкүн экенин маалымдады.

«2014-жылдын май айларында көчөбүзгө суу чыгышы мүмкүн.Ошондуктан 2014-жылды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз»,-дейт айыл тургуну Нурлан.

Автор:Синарида Турсунбаева

Ооган-Талаа: Мультимедия борборунун айрым мүчөлөрү жумуш издеп Орусияга кеткен

Жумушсуздуктун айынан Оооан-Талаа мультимедиа борборунун кабарчысы Диана Турсунбаева мектепти аяктаган соң Москвага кеткен. Ошол эле борбор жетекчисинин орун басары Марат Токтобаевдин билдиришинче, алардын кабарчылары көтөргөн темаларынын жардамы менен айылда бир топ маселе чечилген.

image

Ооган-Талаа айылынын жашоочусу Нурлан Ормоновдун кызы менен жубайы Москва шаарына иштегени кеткен. Анын кызы Диана Ооган-Талаа мультимедиа борборунун кабарчысы болуп иштечү.

«Жумушсуздуктан аялым менен кызым Орусияга кеткен. Алар туугандарыбыздын жанында. Ооруканага ишке жайгашышып, азыр иштери жакшы»,-деп айтып берди Ормонов.

Ооган-Талаадагы мультимедиа борборунун жетекчисинин орун басары Марат Токтобаев билдиргендей, алардын борбору төрт айдан бери иштеп келет.

Ушул убакыт ичинде кабарчылары айылдын ар кандай маселелерин козгоп, алардын ичинен бир канчасы чечилген.

image

«Биздин кабарчылар козгогон тогуз маселенин ичинен үчөө иш жүзүнө ашырылган. Жол оңдолуп, мектеп чатыры жабылып, анан таза суу маселеси чечилди»,-деп айтып берди Токтобаев.

Автор: Назгүл Абдымалик кызы

Ооган-Талаа: Жети жылдан бери түзөлбөгөн жол оңдолду

Айдоочунун айтымында жолдун оңдолушу аларга жеңилдиктерди жаратууда. Эгер асфальт төшөлсө мындан да жакшы болмок дейт айдоочу.

image

Фархат Ооган-Талаа айылында айдоочу болуп иштейт. Айылдагы жолдун оңдолушу жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирди.

«Айылдын кире беришиндеги жолдун оңдолушу бизге (айдоочуларга) өйдөлүшкө чыгып түшөрдө ыңгайлуулук жаратууда. Бирок асфальт төшөлсө жакшы болот эле»,-деп айтты Фархат.

image

Могол айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Бактыгүл Алыбаеванын айтымында бул жол айыл чарба комитетинин төрагасы Сайдилла Нышановдун демилгеси менен оңдолгон.

«Жолдун оңдолушуна каражатты жогорку кеңештин депутаты Сайдилла Нышанов каржылаптыр. Аны жол эксплуатация башкармалыгынан келип оңдоп кетишти. Анан жолго асфальт төшөлбөйт болушу керек»,-деп түшүндүрдү Алыбаева.

Автор: Синарида Турсунбаева, Элмира Мырзаш кызы жана Чолпон Биймурзаева

Бөбөктөрдүн сүйүктүү бакчасы тамырланууда.

http://oogantalaa.kyrgyzmedia.com/wp-login.php
Балдар бакчасы иштебей жатканына байланыштуу,ата-энелер балдарын ар кайсы жерлерге таштап,жумушка барууга аргасыз болушууда.Балдар бакчасынын жетекчиси 2013-жылдын 1-сентябрында балдарды кабыл алуусун маалымдады.

image

Тарбиячы Айнура Тажибаева  Балдар  бакчасы 28-майдан бери балдарды кабыл албай жатканын айтып өттү.

«Бала бакчада  28-майдан бери балдарды кабыл албай жатабыз,себеби ЮНИСЕФ тарабынан тамырланууда»,-дейт тарбиячы.

image

Мугалим Алтынай Токтосунова Балдар бакчасы иштебей жатканына байланыштуу,баласын жада калса көчөгө да таштап кетээрин айтты.

«Жумушка барганда баламды караганы эч ким жок болгондуктан,көчөгө таштап кетүүгө мажбур болуп жатам»,- дейт Алтынай Токтосунова.

image

Жетекчи Фарида Замирова 2013-жылдын 1-сентябрында ачылаарын маалымдады.

«2013-жылдын 1-сентябрында балдар бакчасы ачылышы күтүлүүдө»,-деп айтты жетекчи.

image

Автор:Синарида Турсунбаева

Авто унаа алыш үчүн Москвада иштеп келген Нургазы

Нургазы Мурзакулов Москвадагы курулуштардын биринде иштеп келип,  Honda үлгүсүндөгү авто унаа сатып алган. Азыркы учурда алган унаа менен жүргүнчүлөрдү ташыйт. Кайрадан барып там салып жана магазин курууну пландаштырууда.

«Буга чейин ARIC те  оператор болуп  иштегем».

image

«Иштеген ишимде маяна аздыгынан ал жака барып  иштеп келейин дегем».

image
«Россиянын Москва шаарында түрктөрдүн фирмасында стройкада иштейм. Айына 20000-25000 маяна алчумун. […] Бир сезондо барып «Хонда Стрим»  үлгүсүндөгү унаа  сатып алгам».

image

«Кудай буйруп барып калсам там салып, магазин курайын деген ойлор бар».

image

«Азыркы учурда алган машинам менен жүргүнчүлөрдү ташып жаткан кезим».

Автору: Акмарал Биймурзаева

Физика лабораториясынын жоктугунан мугалим теманы плакаттар менен түшүндүрөт

Мектепте лаборатория жоктугунан физика мугалими теманы түшүндүрүү үчүн ар кандай плакаттарды чийүүгө аргасыз. Директор лаборатория ачуу үчүн каражаттын жоктугун маалымдады.

image

Физика мугалими Гульнара Кадырова сабакты жакшы түшүнүш үчүн техниканын өтө зарыл экендигин баса белгилеп өттү.

image

«Лаборатория жок. Окуучуларга плакатка схемаларды чийип өтөм», — дейт Кадырова.

Айсулуу Эркинбекова лаборатория жок болгондуктан бир аз кыйналаарын айтып, өз күчү менен иштөөгө аракет кылганын кошумчалады.

image

«Биз лаборатория иштерди китептердеги сүрөттөр менен эжекейдин көргөзмө куралдары менен иштейбиз», — дейт Айсулуу.

Окуучу кыз Диана Турсунбаева кенен маалымат алуу үчүн интернет булактарын колдоноорун айтты.

«Лаборатория жок болгондуктан лаборатория иштерди китептерден жазабыз же интернеттен издейбиз», — дейт Турсунбаева.

image

Ал эми мектептин директору Давлет Өмүрзакова лаборатория ачуу үчүн каражат жетишпестигин айтты.

«Мектеп каражылай албайбыз, ал үчүн кандайдыр бир проект жазып же спонсор табып, ачсак  болот. Башка жолу жок», — дейт директор.

Автор: Эльмира Кубанычбек кызы.

Там салыш үчүн Красноярскка иштеп кеткен дене-тарбия мугалими

Үй курууга каражат табуу үчүн Хасан Эгембердиев жубайы менен Россияда алты ай иштеп келди. Эки баласын чоң энесинин кароосунда калтырышкан.

«Буга чейин мектепте дене-тарбия мугалими болуп иштегем. […] Айлык жакшы эле болчу беш миң, төрт миң ал алган айлыгыбыз ичип жегенден ашпайт».

image

«Красноярск шаарына жубайым экөөбүз бардык. Ал жакта аялым экөөбүз оператор болуп иштедик, айына он беш миңден айлык алып жаттык».

image

«Балдарыбыз чоңоюп эле калышкан. Айылда чон энеси менен калды».

image

«Үй салып жатканбыз ошого бул жерден алган айлык жетпей анан ошол жака иштегени барганбыз».

image

«Ал жерде бир квартирада он адам жашадык. […] Биз  ичип жегенден сырткары жыйырма миңден жөнөтүп турдук».

image

«Азыркы учурда кайра мектепте мугалим болуп иштеп жатам».

Авторлору: Диана Турсунбаева жана Айсулуу Эркинбекова.