Алыстан жол жүрүп келгениме ыраазы болдум

№33 Ж.Турусбеков мектебинин жаш мугалими Мурзалимова Назгул: «Жаңы стандарт жана компетенттуулук боюнча мыкты маалымат ала алдым. Алыстан жол жүрүп келгениме ыраазы болдум».

Базар-Коргон районундагы билим берүү бөлүмү тарабынан жылдык планга киргизилип, пландалган семинар болуп өттү. Семинар мугалимдерге жаңы стандарт менен сабакты пландоо, аны өтүүдө жаңы усулдардардын колдонулушу боюнча болуп, тренер Маматова Жаркын, Режаббаев Элмурад  со-тренер үйрөтүштү.

Бул иш чара райондук билим берүү бөлүмүндөгү жаңы ынгайлуу, жылуу усулдук кабинетте жетекчи Сопубек Сариевдин иш билгилиги аркылуу уюштурулган усулдук канада өткөрүлдү.

Конспектини проетор менен доскада жана практикада мугалимдер көнүгүүлөрдү аткарышты.

«Семинарга келген мугалимдер биринчиден жаңы маалыматтар үчүн жана ынгайлуу шарт үчүн уюштуруучуларга жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисине түшүнүп жөнөткөн мектеп администрациясына раазычылыгын билдиришти»-деди райондук кыргыз тили жана адабияты боюнча секция жетекчиси №6 Осмонов гимназия мектебинин мугалими Назгул Турсуналиева.

Жыйынтыгында семинарга келген мугалимдер Жаркын Маматовага жана Элмурод мырзага ыраазычылык билдирип, ушундай окутуулар көп болсун деп айтып кетишти.

Даярдаган: Г. Камбарали кызы

Могол айыл аймагынын бюджетинин аткарылышы

Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагынын 2019-жылдагы бюджеттинин аткарылышы деген темада Демократия сааты уктуруусу өттү.

Уктурууга могол айыл аймагынын башкы эсепчиси Зыягүл үкубаева катышты. Уктурууда Могол айыл аймагынын 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы деген темада талкуу болду.

Башкы эсепчи Зыягүл айым 2019-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча баяндама жасады. Мындан сырткары башкы эсепчиге төмөндөгү суроолор берилди:

  1. Могол айыл аймагынын бюджети канча?
  2. Салыктын түрлөрү боюнча айта кетсеңиз?
  3. Кабыл алынган бюджетти ким көзөмөлдөйт?
  4. Могол айыл аймагынын бюджети кантип бөлүштүрүлөт?
  5. Могол айыл аймагындагы бюджеттеги киреше жана чыгаша боюнча айта кетсеңиз? Бөлүмдөргө бөлүнөт экен ошол жөнүндө айтып берсеңиз?
  6. Бюджет жер салыгынан сырткары дагы кайсыл булактан түшөт?
  7. Жергиликтүү бюджеттин структурасы кандай бөлүнгөн?
  8. Мурдагы жылдарга караганда бюджет көбөйдүбү же азайдыбы?
  9. Каралган бюджет дайыма аткарылабы же кээде аткарылбай калабы?

Суроолорго Зыягүл Укубаева так жооп берип, мындан сырткары вотсап, фейсбук баракчаларынан келген суроолорго да жооптор алынды.

Эскерте кетсек Демократия сааты уктуруусу Ооган-Талаа айылында радиоуктуруу аркылуу угузулуп жатат. Уктуруу Фридрих Эбберт фондусу тарабынан каржыланды.

Даярдаган: Гүлназ Камбарали кызы

Арсланбобайылында «Жаңгак фестивалы» өттү

13-ноябрь күнү Арсланбоб айыл аймагынында «Жаңгак фестивалы болуп өттү. Жаңгак фестивалын CAMP ALA-TOO коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, бир нече ай бою тартылган окуучулар арасында кыска метраждуу филимдин жыйынтыгы болду.

Фестивалга Базар-Коргон районунундагы жашоочулар катышышты.

«Жаңгак фестиваль» дайыма кызыктуу өтөт. Бул фестивалга жыл бою даярданабыз. Даары чөптөрдү кургатып, аларда фестивалга ярмаркага алып чыгабыз»-деди Нурадил Субанов.

Ярмаркадан жаңгактын түрлөрүн, жангактан жасалган буюмдар, жангак варениеси, балдын түрлөрү чыгат.

«Окуучулардын тарткан киносу аябай жакшы чыккан. Үч кино азыр Бишкекете көрсөтүлүп жатат. Кино конкурсуна 20 мектеп катышып, анын ичинен 5 гана кино токойго ылайыктуу деп тандалып алынды. №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин тарткан «Табият жана адам» атуу киносу бүгүн 2-орунду алды. Бул кинолор жакында көрсөтүлүп баштайт». деп билдирди КЕМП Ала-Тоо коомдук фондусунун адиси Дина Малдыбаева.

«Фестивалдын негизги максаты токой чарбасы боюнча түшүндүрүү, аларга жаңгак токоюнун ыйыктыгын көрөтүү. Арсланбоб токой чарбасы жөнүндө эң жакшы ойдомун. Жакшы тарабы мен табиятты жакшы көрөм. Иш алып барган мезгилде көп кыйынчылыктарга кезигебиз. Элди токойду сактоого үйрөтүү керек. Күнүмдүк отун үчүн көп жылдык дарактарды кыюуну токтотуу керек»-деп билдирди Жайзет уюмунун Жалал-Абад облусундагы өкүлү Вера Куитмен.

Даярдаган: Адилет Канат уулу

Ачы токой чарбасынын ишмердүүлүгү

Базар-Коргон районундагы Ачы токой чарбасынын ишмердүүлүгү боюнча Демократия сааты уктуруусунун кезектеги түз эфири болуп өттү.

Түз эфирге Ачы токой чарбасынын башчысы Алмусак Мырзабеков, башкы токойчу Бактыбек Акимжанов, токой өстүрүү инженери Жаныбек Сулайманов, токой коргоо жана сактоо инженери Нурали Акматкулов, токой чарба инженери Арслан Эргашевдер катышты.

Түз эфирде Ачы токой чарбасынын ишмердүүлүгү боюнча сөз болуп, анда төмөндөгү суроолор берилди:

  1. Ачы токой чарбасы тууралуу айта кетсениз канча адам иштейт?
  2. АЧЫ токой чарбасынын негизги милдети эмне?
  3. Токой чарбанын бюджети канча?
  4. Эл токойду пайдалангандыгы үчун канча налог толошот?
  5. Аны кантип топтойсуздар?
  6. Токойчу катары сиздин милдеттериниздер жана укуктарыныздар?
  7. Эл менен иштешүүдөткандай кыйынчылыктарга дуушар болосуздар?
  8. Элге ошол жаңы мыйзамды кантип түшундүрдүңүздөр?
  9. Токойчу катары кыш мезгили келе жаткандыктан мыйзамсыз дарактарды кыюу да башталат эмеспи? Сиздер кантип курөшүп жатасыздар?

Суроолорго ар бир тармак боюнча инженерлер жооп беришти.

Ал эми Кыргыз Республикасынын токойду коргоо жана сактоо боюнча кирген жаңы мыйзамдар боюнча Алмусак мырза кеңири түшүндүрүп берди.

Фейсбук баракчасынан жана вотсап номерине келген суроолор окулду. Элдин көпчүлүк берген суроолору отунду кантип, канча сомдон алса болот деген суроолор болду.

Демократия сааты уктуруусу Ооган-Талаа айылында июнь айынан бери уктурулуп келет. Уктуруу Фридрих Эбберт фондусу тарабынан каржыланат.

Даярдаган: Камбарали кызы Гулназ

Жалал-Абад электро ачык акционердик коомунун Базар-Коргон РЭСине караштуу Ачы УЭСинин ишмердүүлүгү

Демократия саатынын кезектеги уктуруусу Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон РЭСине караштуу Ачы УЭСинин ишмердүүлүгү деген тема боюнча талкуу өтүү

Талкууга Ачы УЭСнин мастери Абдирешев Акмат, Ачы 1нин инженер реализатору Тянь-Шаня Омурзаков, АЧЫ 2 бөлүмүнүн инженер реализатору Медербек Темировдор катышты.

Талкууда төмөндөгү сүроолор берилип жооптор алынды:

  1. Ишкана тууралуу айта кетсениз канча адам иштейт?
  2. Канча кардар тейленет?
  3. Кардарлардын укуктарына токтолсок, кардарлар менен кандай иш жүргүзөсүздор?(Электр энергиясы канча сомдон кандай саналат)
  4. Атайын алдын ала айтылбай элетр энергиясы очурулобу?
  5. Алдын ала айтылбай туруп элекрт энергиясын өчүрулгөн убакыттарда кээ бир ишканаларда кымбат баалуу техникалар бузулуп калат ошондой учурда кайда кайрылуу керек?
  6. Эмне үчүн кардарлар свет очурулуп кетсе кайра куйгузууго акча толошу керек?
  7. Кандай учурда пенья төлөнөт жана кантип саналат?
  8. Ал эми элекро тармагынын кышка даярдыгы кандай?
  9. Сиздер кандай кыйынчылыктарга дуушар болосуздар?
  10. Кардарлар суроолоруна жооп алыш үчүн кайда кайрылса болот?

Фейсбук баракчасынын ошондой эле вотсаптан да элден суроолор келди.

  1. Электр зымдарына тоскоол болгон бак-дарактарды качан иретке келтирип, шамал болгондо свет очпөй калат? деген суроолор берилип, жооп алынды.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ

«Келгиле окуйбуз» долбоору тарабынан окуу өттү

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунда «Келгиле окуйбуз» долбооруна тартылган отуз мектептин башталгыч класстарынын усулдук бирикме жетекчилерине атайын тренинг өттү.

Ал жерде башталгыч классынын мугалимдерине усулдук колдоо көрсөтүү жаатында, жаңы стандарт, методика, отурумдар, жылдык пландар боюнча негизгиси усулдук бирикме жетекчилери үчүн эң керектүү семинар болду.

Семинарды Жаркын Маматова, Сабира Мурзаевалар тарабынан райондо уюштурулуп, түштүк региондор боюнча координатору Самара Юлдашева келип, мектептерге сертификаттарын, методисттерге Кыргыз Республикасынын Билим Берүү министрлигинин мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу институтунун директорунун жана «Келгиле окуйбуз» долбоорунун башчысынын атайын грамоталарын тапшырып, сертификаттарды тапшырды.

«Бүгүн мугалимдер биринчи жана экинчи механизм деп аталган атайын окуучулардын ишмердүүлүгүн үйрөтүү жана сабакты биргелешип даярдоо боюнча атайын механизмдерди үйрөнүп кетишти. Бул семинар мугалимдердин өздөрү үчүн пайдалуу болуп, усулдук жардам ала алышты»- деп билдирди Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук кабинетинин башчысы Жаркын Маматова.

Райондун тренерлерине
№19 Арсланбоб мектебинен Элмурад Режаббаев


№9 Ж.Асанов мектебинен: Нурийла Капашева

№1 Макаренко мектебинен: Элена Сангаджиева


Исманов мектебинен: Кенжекан Мундузбаеваларга «Келгиле окуйбуз» долбоорунун сертификаттары тапшырылды.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнөн: Жаркын Маматова, Сабира Мурзаева, Нургүл Нуралиевалар сертификаттарга ээ болушту.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ

Орто Азиядан келген журналисттер подкаст жасоону үйрөнүштү

Тренинг боюнча Казакстандан, Өзбекстандан келген журналисттердин айткандарын төмөндөгү аудиофайлдан угуңуздар:

Жанар Максут Кызы, Казакстан

      Жанар Максут кызы

Хуршид, Өзбекстан

      Хуршид Озбекстан

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ

Рая Абдурахимова: Жөнөкөй мугалимден депутат болдум

Даярдаган: Гулназ Камбарали кызы

Могол айыл аймагынын башчысы шайланган мөөнөтүнөн бери кандай иштерди алып барды? деген темада түз эфир өттү

Демократия сааты уктуруусунун кезектеги түз эфири Айыл өкмөт башчысы шайланган мөөнөтүнөн бери кандай иштерди алып барды?деген темада өттү. Эфирдин коноктору Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов, Могол айыл жер боюнча адиси Шакир Алимбеков, жана эсепчи Укубаева Зыягул болушту.

Сиз кайсы жылдан бери айыл өкмөтү болуп иштеп жатасыз? Кийинки жолку жергиликтүү кенештин депутаттарынын шайлоосу менен кайрадан айыл өкмөт башчысына шайландыңыз. Эл шайлаган шайлоо жакшыбы же жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлаганбы? Шайланган мөөнөтүңуздө кандай иштерди аткардыңыз?деген суроолор берилди.

Суроолорго Эркин Турдукулов жооп берди. Эфир учурунда фейсбук баракчасынан эң актуалдуу болгон айылдагы тратуарды оңдоо иштер боюнча суроолор берилип, тратуарды оңдоо иштери 2020-жылы башталаарын Эркин мырза айтып кетти.

Мындан сырткары жер адиси Шакир Алимбеков өзүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө, элге жер кантип бөлүштурүлөт, кандай жарандар жер алууга укуктуу, жер маселеси боюнча талаш-тартыш маселесинде кантип чечип бересиздер деген суроолор берилди.

Айыл өкмөтүн эсепчиси Зыягүл Укубаевага бюджет боюнча суроолор берилип, зыягүл айым өз сөзүндө бюджеттин кантип бөлүштүрүп, сарпталаары жөнүндө баяндады.

Түз эфир учурунда фейсбук, вотсап баракчаларынан кызыктуу суроолор берилди.

Эскерте кетсек Демократия уктуруусу Фридрих Эбберт фондусу тарабынан каржыланат.

Даярдаган: Гүлназ Камбарали кызы