Сугат суунун жетишсиздигинен айылда огороддор кургап кетти

Сугат суунун жетишсиздигинен огороддор кургап кетип, айыл тургундары жер-жемиштерди кымбат баада сатып алууга аргасыз. Ал эми айыл өкмөтүнүн орун басары казылган арыктар жаандан улам кайрадан толуп калганын маалымдады.image Айылдын жашоочусу Толгонай Көчкөнбаева сугат суунун жоктугунан эгилген жер жемиштерди кургап калгандыгын маалымдады.image «Базардан сатып жеп жатабыз,кымбат-кымбат баада», — дейт Көчкөнбаева.Жогорку сөздөргө кошулган Саадат Жолдошова да огороду кургап кагандыгын айтты.image Китепканачы Айзада Сыдыкова былтыр сугат сууну сатып алгандыгын айтып берди.image «Быйыл сатып алганга да суу жок», — деп кошумчалады.»Ачы» токой чарба департаментинин директору Азимжан Досматов сугат суусу каражат жетишпестигинен келбей жаткандыгын кабарлады.image Кара-Үнкүр, Арсланбап дарыяларынан Ооган-Талаа айылына каналдарды казып чыгуу долбоорлору жазып жаткандыгын белгилеп өттү.Могол айыл өкмөтүнүн орун басары Замир Тагаев айыл ичинде элдер өз ара уюшулмайынча [арык казуу үчүн] сугат суу келбей тургандыгын билдирди.image «Жамгыр көп жаап чапкандарды (арыктарды) толтуруп кетип жатат», — дейт Тагаев.Авторлор: .Марат Токторбаев, Марина Ташматова, Айсулуу Эркинбекова.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.