Тест: Сиз спорттун ММА түрүнө кызыгасызбы?
Сиз спорттун ММА түрүнө кызыгасызбы? ММА спорт чеберлери жөнүндө билесизби? Анда төмөндөгу тесттен өтүп көрүңүз.
Даярдаган: Тимурлан Мелисбеков
Ишмер айым
Даярдаган: Гулназ Камбарали кызы, Аймээрим Саитжанова
Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктан сактоо жана коргоо
«Учурда балдарга билим берүү,аларды татыктуу тарбиялоо эң негизги багыттардын бири»- А. Каримов
2020-жылдын 9- мартында Базар-Коргон райондук прокуратурасынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8- январындагы 1сандуу «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» жөнүндөгү жарлыгын аткаруу максатында Базар-Коргон районунун аймагында жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндөгү» жана «Үй- бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү» мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жыйналыш өткөрүлдү.
Аталган жыйналышка, Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары А. Каримов, Базар-Коргон районунун прокурору С.Сатыбалдиев, Базар-Коргон районунун мамлекеттик админстрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Н. Нармырзаев, орун басары Замира Адышова, райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору, ата-энелер жана жергиликтүү эл катышты.
Иш чарада Алыкулов мектеби тарабынан даярдалган «Мигрант ата-эненин балдарынын тагдыры» аттуу форум-театр көргөзүлдү.
Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары А.Каримов: «Учурда балдарга билим берүү, аларды татыктуу тарбиялоо эң негизги багыттардын бири экендигине токтолуп, ыйгарым укуктуу органдарынын биргеликте кызматташуусу күчөтүлүшү керектигин билдирди».
Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын милдетин аткаруучу Н. Нармырзаев «Ар бир орто мектептерде жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор мектеп администрациясы менен биргеликте иш алып барышып, баардык мектептерде видео-көзөмөл орнотуу, окуучулар арасында эмне түшүнбөстүктөр жаралса мектеп мугалимдери менен жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгилеп, балдарды коргоо боюнча көптөгөн иштерди аткарууга түрткү берээрин кошумчалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө, жыйындын катышуучулары тарабынан өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн жасалуучу сунуштарды колдоп, өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүштү.
Жыйында 2020- жылга карата зордук-зомбулуктарга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана балдарды колдоо боюнча атайын пландын негизинде иш-чараларды жер-жерлерде уюштурууну макулдашышты.
Даярдаган: Гүлназ Камбарали кызы
Кыргызстанда биринчи жолу «Кел баарлашалы» подкасты чыга баштады
«Кел баарлашалы» подкасты аймактардагы аялдардын окуялары жөнүндө
Тоолу Арсланбаптагы Ооган-Талаа айылындагы мугалим болуп иштеген Камбарали кызы Гүлназ, элеттеги аялдардын көйгөйлөрүнө кайрылмакчы. Ал айымдардын өздөрүнүн окуялары жөнүндө айтууга мүмкүнчүлүк берип, тынчсыздануу менен өзүнүн оюн бөлүшүп, ар бир аялдын жан дүйнөсүнө, анын окуясын жүрөгү менен сезип, подкастын жаңы сандарын жаздырмакчы.
-Сиз бул подкастка кантип катышып, кызыгуу пайда болду?
-Мен Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарында кабарчы болуп иштеп келем. Ошол жактан кат келди. «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан Орто Азия боюнча подкаст үйрөнүү деген тренинг боло турганы жөнүндөгү катты окуп, мен да маалымдаманы толтуруп жөнөтүп койдум. Бирок мени кабыл алышат деп ойлогон эмесмин. Алыскы тоолу аймактагы мугалимди албаса керек дедим. Почтамды карап жатып жаңы кат келгенин көрдүм, ачып окусам «Сорос-Кыргызстан» фондунан экен. Ошентип мен тренинге катышып, көп нерсени үйрөндүм. Москва шаарынан келген «Либо-Либо» подкаст жаздырган тренерлерге мен аялдар жөнүндө, балдарды китепке кызыктуруу жөнүндө эки подкасттын идеяларын айттым. Тренер Лика Кремер аймактагы аялдар жөнүндө жазыңыз, анткени алардын жашоосу сиз үчун реалдуу деп кеңеш берди. Ошентип аялдар жөнүндө подкастты жаздыра баштадым.
Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстандан подкаст үйрөнүүгө кегендер жана тренерлерибиз менен.
-Подкаст канча сезондон, канча сериядан турмакчы?
Биринчи сезонду баштадым. Буйруса токтотпой улантамын. Бул сезондо Кыз ала качуу менен бактысыз болдум, жакшы апа болуу оңой, жакшы кайнене болуу кыйын, бала кымбатпы же акчабы( алименттен качкан аталар), Мигрант апа( миграцияда жүргөн апалар, кыйынчылыкта бала багып жаткан чоң энелер), мен жакшы апамынбы?, Аял жана кесип деген темаларда алты серия чыгат.
Салтанат Калдыбаева КТРКда биринчи радонун кабарчысы, менин биринчи подкастымды КТРКнын студиясында жаздырууга жардам берип, дайыма подкасттымдын биринчи угарманы.
-Сиздин подкастыныздын башкалардан өзгөчөлүгү?
-Менин каармандарым реалдуу, алар айылда жашаган, мен көрүп жүргөн чыныгы жашоосу жөнүндө айткан адамдар. Алар менен окуяларын тен бөлүшүп, подкасты уккан ар бир адамдын жашоосуна кереги тийип, жакшы жолго бура алса мен өз максатыма жеткен боломун.
«Аял эч кимге айта албаган сырларын, ичиндеги толтура арман-азаптарын эч ким менен бөлүшкүсү келбейт. Ал алсыздыгын көрсөтпөйт. Бирок жашоодо ушундай мезгил болот , сен эч тааныбаган адамдарга өз сырың менен бөлүшкүң келет. «Кел баарлашалы» подкастында мен аялдар менен баарлашып, аны ойлондурганичиндеги уйгу-туйгусу менен бөлүшкүм келет. Подкаст бир эле аялдардын көйгөйлөрү эле эмес, алардын жетишкендиктерин да көрсөтө алат.
-Подкаст канча жолу чыгат?
-Ар айда эки жолу чыгып турат.
-Сиздин демөөрчүңүз кимдер?
-Менин подкасттымды «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан каржыланып, колдоп жатат. Убакыттан пайдаланып, фондго жана Тынымгүл Эшиева, Салима Жетибаеваларга ыраазычылык билдиремин.
-Подкасты кайдан, кантип угабыз.
-Подкастты гугл подкаст, апл подкаст тиркемелеринен «Кел баарлашалы» деп жазып издесе баардык сериялары толук чыгат. Урматтуу окурманым подкастты угуп, өз пикириңизди калтырууңузду өтүнөт элем-деди Гулназ Камбарали кызы.
Даярдаган: Тимурлан Мелисбеков
5 ТОП түрмөгү: Көпөлөктөр
Көпөлөктөр-булар дүйнөдөгү эң кооз жандыктар. Булар өздөрүнүн кооздугу жана назиктиги менен көптөгөн сүрөтчүлөргө жана акындарга дем берип келген. Биз күндөлүк турмушта көпөлөктөрдүн түрлөрүн кездештиребиз. Бирок дүйнөдө көпөлөктөрдүн миңдеген түрү бар. Мына бул чыгарылышта сиздерге дүйнөдөгү эң кооз көпөлөктөрдүн 5 түрүн сунуштайбыз.
1. Князь көпөлөгү.
Бул көпөлөк эң чоң түнкү көпөлөк болуп саналат. Анын алдыңкы канаттары жыландын башын чагылдырып турат. Бул өзгөчөлүк аны душмандарынан сактаганга жардам берет. Дагы бир өзгөчөлүгү бул көпөлөктүн оозу жок. «Анда алар кандай жол менен азыктанышат?»-деген суроо туулат. Алар болгону бир-эки жума эле жашашат. Ошондуктан ооздук аппараты болбойт.
2. Урания көпөлөгү.
Урания көпөлөгүн Мадагаскардан көрүүгө болот. Урания чындыгында сонун түскө ээ. Көпөлөктү ар тараптан карасан ар кандай түстө болуп көрүнөт. Ураниянын түстөрүндө кызыл, ток сары, сыя көк үстөмдүк кылып турат.
3. Грета көпөлөгү.
Грета орус тилинен которулуп алынганда «Айнек» дегенди билдирет. Көпөлөктө көрүнүп тургандай эле анын канаттары айнек сымал. Болгону канатынын четки жактары кара-күрөң түстө. Бул көпөлөктөр Борбордук жана Түштүк Америкада кездешет. Аларды байкоо оңой эмес. Анткени алар айнек сымал. Бул өзгөчөлүгү аларга пайда гана алып келет. Башка жырткычтардан жашырынуу оңой.
4. Каллима көпөлөгү.
Каллиманы Азияда жана Африкада кездештирүү мүмкүн. Көпөлөктүн бул түрү өзүнүн канатынын сүрөттөлүшү менен өзгөчөлөнүп турат. Канаттарынын өйдө жагы кара, көк, ток сары түс менен курчалган. Ал учуп бара жатканда канатынын ачык түстөгү көрүнүшүн көрө алабыз. Ал эми ал качан гана конуп, канаттарын бириктиргенде аны байкоо өтө кыйынга турат. Анткени анын канаттарынын төмөнкү жагы жалбырактын сүрөттөлүшүн көрсөтүп турат.
5. Парусник Маака көпөлөгү.
Бул көпөлөктү Көк Махаон деп да атап коюшат. Анын канаттарынын алдыңкы чоң бөлүгү жалтылдаган жашыл түстө. Канатынын бир бөлүгү терең кара түстү чагылдырып турат. Бул көпөлөктү эң чоң күндүзгү көпөлөк деп атап коюшат. Көпөлөктүн канаттары 30 см ге чейин өсөт.
«Бул көпөлөктөрдүн кайсынысы абдан кооз?»-деген суроого так жооп жок. Себеби ар бир көпөлөктүн өзүнүн өзгөчүлүгү, өзүнүн кооздугу бар.
Даярдаган: Адилет Канат уулу
Райондо биринчи жолу «Манас таануу» таймашы өттү
«Манас» эпосунун 10 томдуу китебин окуп чыккан соң, мен улуу элдин урпагы экениме сыймыктандым»- Эрлан Арстанбеков Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучусу.
Кыргыз элинин эң негизги руханий мурасы жана тарыхый байлыгы болгон Манас үчилтигин окуучулар арасында жайылтуу, кыргыз элинин тарыхын, маданият жана тилин сактоо, өнүктүрүү, рухий дөөлөттөрдү даңазалоо, өсүп келе жаткан жаш муунду «Манас» эпосунун философиясынын негизинде жарандык атуулдукка, достукка, биримдикке, улут аралык ынтымакка тарбиялоо, окуучуларга тарыхты үйрөтүү жана мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу, «Манас» эпосун тереңдеп окуп үйрөнүү боюнча мектеп окуучуларынын билимине, тапкычтыгына баа берүү максатында Базар-Коргон районундагы жалпы билим берүү мекемелеринин арасында «Манас таануу» интелектуалдык телешоу таймашы өттү.
Таймашка райондун 30 мектеби катышып, таймаш жогорку денгээлде өттү.
«Манас таануу» таймашына Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Замира Адышова катышты. »
Манас эпосун терең окуп, Кыргызстандын патриот улан-кыздарынан болгула, Манас эпосун окусаңар руханий жактан бай, өз маданияттынарды, тилиңерди сактоого үйрөнөсүнөр. Биз райондук администрациясы тарабынан дайыма балдарды колдойбуз. Буйруса Республикалык «Манас таануу» телесынагына өткөн тайпанын жол каражаттын төлөп беребиз»-деди Адышова.
«Манас таануу интелектуалдык телешоу сынагын мурда биз облустарда өткөрсөк, быйылкы жылы райондор арасында өткөрүүнү чечтик. Республика боюнча кырк районду кыдырып таймаш өткөрөбүз. Мына бүгүн Базар-Коргон районуна да келдик. Бул төртүнчү райондо өткөрүшүбүз. Базар-Коргон эли, райондук администрациясы, райондук билим берүү бөлүмү жакшы тосуп алып, баардык шартты түзүп беришти. Сынакты өткөргөнгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн №6 Б.Осмонов мектебинин директору Арстанбек Матраимовго жана жалпы жамаатына ыраазычылык билдиремин. Окуучуларды патриоттуулукка, Манас таанууга, эли-жери үчүн канын, жанын аябаган улуу инсандарды тарбияланышат деп ишенемин» -деди КТРКнын «Манас таануу» интеллектуалдык теле таймашынын башкы редактору Нурбек Талантбеков.
«Манас таануу» интеллектуалдык теле таймашынын Базар-Коргон райондук турунун уюштуруучусу Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүнүнүн окуу усулдук кабинетинин башчысы Жаркын Маматова менен маек:
-Саламатсызбы. Бүгүнкү иш чара боюнча айта кетсеңиз?
Бүгүнкү иш чара бизге өтө керек болуп турган иш чара эле. Элдик идеологияны көтөрүп, Кыргызстанга болгон сүйүүнү күчөтүү, рухий байлыктарыбызга саресеп салып алдык. «Манас таануу» таймашын өткөрүү үчүн атайын Маданияттын мыкты кызматкери, КТРКнын «Манас таануу» интелектуалдык теле таймашынын башкы редактору Нурбек Талантбеков, Манасчы жана алып баруучу Төлөбек Муса уулу, манасчы Бексултан Имашов жана Таалай Кожогелдиевдер катышышты.
-Таймашты уюштурууда кыйынчылыктар болдубу?
-Уюштуруудагы кыйынчылыктарды иш чараны ишке ашыруу далалаты жеңип, билинбей калды.
-Бул таймашты улантуу кажетпи?
-Манас таанууну улантуу керек. Себеби элибизди ширетип, жерибизди өнүктүрүү үчүн мыкты идеалогия керек. Ал тургай бала бакчадан баштоону биздин райондон да баштап уюштурууну колго алабыз деген ниеттебиз. Уюштурууда жетекчибиз Сопубек Сариевдин колдоп, өзү да уюштурууну колго алганы үчүн иш чара жогорку деңгээлде өттү.
-Маегиңизге чоң рахмат ишиңизге ийгилик.
«Мындан 2 жыл мурун мен «Манас таануу» таймашында райондук турдан биринчи орунду алып, облустук турдан төртүнчү орунду алдым эле. Бүгүн да окуучуларымды алып келип райондо экинчи орунду ээлеп, облуска жолдомо алдык. Албетте, таймашка тайпаны даярдоо зор эмгекти талап кылат, тынбай изденүү, китеп окуу, тайпадагы балдардын интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү оор, бирок мен Манас эпосун ушунчалык сүйгөндүктөн мен үчүн даярдоо сыймык»-деди 1-май мектеп гиназиясынын директору Эмил Усенбаев.
№17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучусу Диана Абдумиталипова: Мен биринчи жолу Манас таануу таймашына катышып жатам. Мага аябай жакты. Манас эпосун окуу менен көп нерсени үйрөндүм. Бизди даярдаган эжекелериме жана мектебибиздин директору Давлет Омурзакова рахмат айтам. Мен кийинки жылга мындан да жакшы даярданам жана катышам».
«Биз райондогу эң алыс №21 Ташиев мектебинен келдик. Таймаш кызыктуу жана таасирдүү өттү. Окуучуларда жаңы шык, жаңы дем пайда болду. Жакшы даярдык менен келип мактоо баракчаларын алдык»-деди мектептин кыргыз тил мугалими Венера Курбаналиева.
Алтын-Кыя мектебинин мугалими Гүлзина Кочкорова: -«Кызыл-Үнкүр айылындагы жаңы ачылган «Алтын-Кыя» мектебинен өзүбуз суранып катышалы деп демилге көтөрүп, билим берүү бөлүмүнө кайрылып бул таймашка катыштык. Негизинен таймаштан көп нерсени алдык. Райондук билим берүү бөлүмүнө, уюштуруучуларга рахмат»
Жеңүүчүлөргө «Манас таануу» теле таймашы тарабынан китептер, атайын медалдар жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан даярдаган мугалимдерге, мыкты тайпаларга мактоо баракчалары тапшырылды.
1-орунду №6 Б.Осмонов атындагы гимназия мектеби
2-орунду 1-май гиназия мектеби алды.
Өзбек, орус тилдүү мектептерден 1-орун №11 Алыкулов, 2-орунду №16 К.Рахманов мектептери алып, облуска жолдомо алышты.
Даярдаган: Гулназ Камбарали кызы
Маданият үйүндөгү тиш доктур
«Шартсыз ишканада иштөөгө мажбурбуз»-деди Алмаз Ибраимов
Ооган-Талаа айылындагы оорукананын эскилиги жетип, урап калгандыктан, оорукана бузулуп, ордуна жаңы ооркананынпайдубалы тургузулду. Ал эми мурдагы ооруканаын ичиндеги бөлүмдөр айылдын бош имараттарына убактылуу көчүрүлгөн. Ооган-Талаа мультимедиа борборунун кабарчылары дарыгерлердин иштөө шарты менен таанышты.
«Оорукана бузулат дегенде бизди ар кайсы бош имартаттарга жайгаштырышты. Биринчиден биз азыр маданият үйүндөгү чакан бөлмөдө шарты жок жерде иштеп жатабыз. Экинчиден бул жер суук болгондуктан атайын мештер менен жылытабыз. Бөлмөнүн ичи таар болгондуктан үч тиш дарыгери бир жердебиз. Албетте бизге ыңгайсыз. Бирок элдин кызматындагы дарыгер болгондуктан, шарттка карабай ооруп келген ар бир оорулуну дарылоого даярбыз. Буйруса жаңы оорукана бүтүп калса, жаркыраган, заманбап ооруканада иштеп калабыз деп ишенебиз»-деди Алмаз Ибраимов.
Даярдаган: Жылдыз Ильясова.
Колунан чебери төгүлгөн айым
Гулзат Осмонова дизайн жана модельердик кесипти бир канча жылдан бери аркалап айыл тургундарынын купулуна толуп, ар түрдүү стилдеги кийимдерди тигип келе жатат.
Гүлзат Осмонова өз каалоосу менен эмес үй-бүлөсүнүн каалосу менен турмушка чыккандан кийин дизайн модельер факультетине тапшырып ийгиликтүү аяктап Бишкек шаарына барып тажрийба алганы ишке кирип бир эле тармак менен чектелбестен бир тармактан экинчи тармака өтүп отуруп тажрыйба ашырып өзүнө толук кандуу ишенгенден кийин Бишкек шаарындагы Фрунзе заводунан орун алып 25-26 жумушчу алып иштетет. Иши аябай ийгиликтүү жүрөт.
Азыркы учурда Ооган-Талаа айылында чакан швейный цех ачып өзү жалгыз ар түрдүү стильдеги формаларды өзү моделдеп көйнөк, куртка, костюм шым, окуучуларга ар түрдүү улуттардагы формаларын тигип биринчи кабатын гана иштетип келүүдө. Бирок экинчи кабатын да ишке салып бир нече жумушчуларды алып кызга сеп, той көйнөктөрду чыгарып чакан айылдын тургундарына шартты ыңгайлаштырмакчы.
Бир эле айыл менен чектелбестен тоо зонасында жайгашкан баардык конуштар келип көңүлүнө жаккандай стилде тиктирип жайдары кетишет. Мектепте иш чара болуп өтсө маселен жаңы жыл, күзгү бал, тогузунчу май болуп отсо шаарга атайын түшчүүбүз азыр болсо айылдан эле алып алып кирип кетебиз деп окуучулар баса белгилейт.
Гулзат Осмонованын айтымында-
«Мен бул кесипти тандоого мажбур болгом бирок азыр окунбойм оз үй-бүлөмдү каржылайм, балдарым базардан кийим кечек сатып алышпайт баарын өзүм тигип берем айылдагылар кол эмгегими баалашат заказдар үзүлбөйт.»
«Жаштарга айтаарым бул алдыга койгон максатынарды таштабагыла кыз бала баардык жактан бар болуш керек бир кесиптин ээси болдунбу ал менен гана чектелбе башка тармакты да алып кет мисалы: ар улуттун аш каналары менен тааныш, тил үйрөн курстарга бар, тил билсен башка улутта да көчөдө калбайсын, тигүүчү жактан да үйрөн бала чаканын майда чүдөсун тигип бересин»
Даярдаган: Аймээрим Саитжанова,Ширин Маратбек кызы .
Ооган-Талаа эли кандай китептерди окушат
Ооган-Талаада окуучулар көп китеп алып окушат.
Ооган-Талаа айылында китепкана үзгүлтүксүз иштеп жатат. Китепканачы Балтабаева Гүлзаттын айтымында: Могол айыл өкмөтүндөгү китепканага элдер көп келишет. Каалагандар китепканага келип, китеп окуп кетишсе болот, бардык шарты бар.
«Мектеп окуучулары да келишет, көбүнчө кандай китептерди окусак? кайсы китептер кызыктуу?- деп сурашат, мен аларга адабий окууларды сунуштайм. Окуучулар томдорду,адабий китептерди алып, окушуп убагында кайтарышат.»- деди Балтабаева.
Ооган-Талаа китепканасы көптөгөн сыйлыктарды, мактоо баракчаларын алышкан.
«Мен китепканага жумасына бир жолу келем. Бул жерде көптөгөн кызыктуу китептер бар, алып окуп турабыз. Айыл жергесинде жаштар үчүн көңүл ача турган жер жок болгондуктан. бош убактыбызда китеп окуу менен өткөзөбүз.»-деди Эльдар Абдыразаков.
Могол Айыл Өкмөтүнүн китепканасы эл кызматында иштеп жатат.
Даярдаган: Тимурлан Мелисбеков, Билим Байдиллаев